Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

АКМАТБАЕВГЕ ЖОГОРКУ СОТ ЖОЛ АЧЫП БЕРДИ


Кыргызстандын Жогорку Соту 3-апрелде Рысбек Акматбаевдин депутаттыкка талапкерлигин калыбына келтирген Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул чечимди талашып кайрылган Борбордук шайлоо комиссиясынын дооматын негизсиз деп четке какты. Ушуну менен Рысбек Акматбаев Балыкчы шайлоо округу боюнча депутаттык шайлоого бара турганы анык болуп калды. Бул жакта шайлоо 9-апрелде болот. Мыйзам боюнча шайлоого беш күн калганда талапкерди жарыштан чыгарууга жол берилбейт.

Кыргызстанда сот адилеттигине элдин көпчүлүгү ишенбей тургандыгын мурдагы президенттин атайын белгилеген жайы бар. Азыркы президент соттор гана калыс чечет, алардын ишине азыркы бийлик кийлигишпейт деп такай айтып келет.

- Сот кандай чечим чыгарат, чыгарсын. Ага кийлигишкенге президент катары менин акым жок. Адамдык жагынан алганда, мен силерге ачык эле айтайын, антиштин мага кереги деле жок,- дейт К.Бакиев.

Бирок да президенттин андай агынан жарылган ачык сыр төгүүсүнө парламент депутаты Дооронбек Садырбаев ишенбейт. Өкмөт үйүн камалаган Р.Акматбаевдин жактоочуларынын алдына чыккан К.Бакиевдин сөзүн ал мындайча комментарийледи.

- Дайындап коем дебедиби. Ошол бир сөздү айтты, колдоп койду.

Д.Садырбаев БШК чечимин да колдобойт. Талапкер арыз бергенден кийинки он күн ичинде баарын текшерип, башында эле алып ташташ керек болчу дейт. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов шайлоого беш күн калганга чейин талапкерди атаандаштыктан четтетүү мүмкүнчүлүгү бардыгын 3-апрелдеги маалымат жыйынында эскертти.

- Бүгүн акыркы күн. Кодекстин (Шайлоо кодексинин – Ред.) 28-беренесине ылайык талапкердин каттоосун шайлоого беш күн калганга чейин гана алууга укуктуу. Эртеңден баштап Кодекске ылайык Р.Акматбаевдин каттоосун алганга укугубуз жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчиси Гүлбара Калиева Биринчи Май райондук сотунун 2-апрелдеги чечимин жокко чыгаруу тууралуу көзөмөл иретиндеги арызында Р.Акматбаевдин талапкерлиги эки жүйөөлүү себептин натыйжасында алынгандыгын, 2001-жылдан тарта ал мыйзам коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөндүгүн, качып-конуп жүрүп Кыргызстанда жашабагандыгын маалымдады.

- Урматтуу сот, бу киши 2001-жылдан бери издөөдө жүргөнү расмий такталып турса дагы кандай документти көрсөтүшү керек? Р.Акматбаев сотто сурак берип атып өзү айтканын, тергөө маалында да анысын ырастаганын мурдагы сотто айткамын.

Адвокат Рысбек Нагаевдин айтуусунда, Р.Акматбаевдин буга чейинки эки ирет соттолгондугу жок кылынган.

- Жок кылынган. Бүт далилдердин баарын айтып бердик. Биринчи инстанциядагы сот бүт баарын текшерди, бүт баарын карады.

Жогорку сот Р.Акматбаевдин 2001-жылдан тарта издөөдө, баш калакалап Испания, Германия, коңшу Казакстан менен Өзбекстанда качып жүргөнүн өз башын калкалоо, жакындарына зыяны тийбесин амалында мойнуна алган көрсөтмөсү катары карап, Борбордук шайлоо комиссиясынын жүйөөсүн кабыл алган жок. Парламент депутаты Кубатбек Байболов Р.Акматбаевдин айланасындагы иштер кезектеги саясий оюн деген пикирде.

- Албетте, оюн. БШК өз алдынча чечим кабыл ала албайт. А.Акаевдин тушундагыдай эле биздин системабыз, бийлик бутактарыбыз өз алдынча чечим кабыл ала албайт. Бул белгилүү деңгээлде макулдашылган. Анан ахывал өзгөрүлгөндөн кийин башка чечим кабыл алынган.

Ушул аптанын аягында өтүүчү парламенттик шайлоого Р.Акматбаев да катышат. Анын буга чейинки эки ирет соттолгондугу жоюлуп, мыйзам чыгаруу бийлигине барышына кенен жол ачылды.

XS
SM
MD
LG