Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

ИРАК : САДДАМ ХУСЕЙНГЕ ЖАҢЫ КҮНӨӨЛӨР КОЮЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактагы парламенттик шайлоо былтыр декабрда өткөрүлгөнү менен, өлкөнүн өкмөтү эмгиче түзүлө элек, анткени акыркы апталарда диний аралык араздашуулар басылбай жатат. Мурдагы президент Сададм Хусейнге болсо жаңы күнөөлөр коюлду.

Декабрдагы шайлоодо көпчүлүк добушка шийи мусулмандарынын партиялары жеңгендиктен, жаңы премьер-министр шийилер арасынан тандалууга тийиш. 12-февралда шийилер премьерликке - азыркы убактылуу өкмөт башчы Ибрагим ал-Жаафарини көрсөткөн, бирок ага күрддөр менен суннилер жана айрым шийи уюмдары дагы каршы чыгууда.

Алардын айтымында, бир жыл убактылуу премьер-министр болгон учурунда Жаафари Ирактагы куралдуу кагылышууларды токтото алган жок, таскерисинче, акыркы апталарда өлкөдөгү диний-аралык араздашуулар күчөп кетти. Андай кагылышуулар февралдын аягында өлкөнүн Самарра шаарындагы шийилердин Алтын мечитинде жарылуу болгондон кийин күчөдү. Кечээ күнү болсо Иракта болгон ар башка кагылышуудардан жыйырмадан ашык адам өлдү.

Иракка 2-3-апрелде АКШ менен Британиянын тышкы иштер министрлери Кондолиза Райс менен Жек Стро келип кетти жана алар өлкө жетекчилигине кайрылып, ылдамыраак жаңы премьер ким болоорун чечүүнү талап кылды.

"Америкалыктар Иракта эки миңден ашык адам жоготту, биз тараптан жүздөн ашык аскер курман болду. Азыр өлкөдө 140 миң чет өлкөлүк аскер бар жана АКШ Иракта тынчтык орнотуу үчүн миллиарддаган доллар коротуп жатат, Британия жүздөгөн миллион фунтка чыгым болууда. Ошондуктан, менин оюмча, биз өлкөдө ылдамыраак премьер шайланышын талап кылууга толук укуктуубуз", - деди Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро 3-апрелде Багдад шаарында.

Бирок Батыш мамлекеттери акыркы күндөрдө ал-Жаафари премьерлик үчүн күрөшпөш керек деп айтпай калды, алардын билдиргенине караганда, ал маселени ирактыктар өздөрү чечүүгө тийиш. Бирок өткөн аптада АКШнын Ирактагы элчиси Залмай Халилзад шийи жетекчилери менен жолугуп, Жафариинин премьер болушуна америкалык президент Жорж Буш каршы деп билдирген.

Бүгүн Багдад шаарында мурдагы президент Саддам Хусейнге каршы сот уланууга тийиш жана Саддамга жаңы күнөөлөр коюлду. Эгер октябрда башталган сотто буга чейин Саддам жана аны менен кошо соттолуп жаткан адамдарга - 1982-жылы Жулейл шаарында 148 адам өлтүрүлгөнү менен байланыштуу күнөө коюлуп келген болсо, 4-апрелде аларга жаңы айып тагылды. Эми Саддам жана дагы алты адам - 1988-жылы өлкөнүн күрддөрүнө каршы химиялык курал колдонулганы менен байланыштуу дагы күнөө коюлду. Ал чабуул учурунда миңдеген адам өлгөн. Экинчи сот жараяны качан башталаары азырынча белгисиз. Эки күнөөнүн кайсынысы болбосун боюнча Саддам күнөөлүү деп табылса, өлүм жазасына кесилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG