Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

КЫТАЙ МЕНЕН АВСТРАЛИЯ ОРТОСУНДА ТҮЗҮЛГӨН КЕЛИШИМ СЫНГА АЛЫНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде Иран менен Түндүк Кореянын өзөктүк программалары айланасында көп айтылууда. Бирок үстүбүздөгү аптада Кытай менен Австралия ортосунда дагы өзөктүк тармакта келишим түзүлдү жана айрым эксперттер аны дагы сынга алууда.

Кытай төрагасы Вен Цзябао Австралияга сапар менен келгенде, 3-апрелде Канберра шаарында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери атайын келишимге кол койду жана анын шарттарына ылайык, Австралия Кытайга жыл сайын 20 миң тонна уран кенин сатат.

Дүйнөдө өндүрүлгөн урандын 40 пайызы азыр Австралияда чыгат, ошондуктан мамлекет аны сыртка сатууга муктаж. Акыркы жылдарда Кытай менен Австралия ортосунда соода улам өсүп баратат, ошондуктан эки өлкөнүн тең саясатчылары жана ишкерлери бул келишимге жогору баа берүүдө.

Айрым эксперттердин пикиринде, Кытай - толук демократиялык мамлекет эмес, ал ишенимсиз өлкөлөргө курал сатат. Бир кезде Кытай өзөктүк технологияны Пакистанга жана, мүмкүн, айрым башка мамлекеттерге да саткан жана Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимге кол койсо дагы, аны жайылтууга көмөктөшкөн. Натыйжада мындан сегиз жыл мурда Пакистан өзүнүн биринчи атом бомбасын сынады жана өзөктүк куралга ээ мамлекеттердин саны көбөйдү.

Австралия парламентинин сенатору Кристине Милненин айтымында, эми Австралия Кытайга уран сатуу менен ошондой жосунсуз жараяндарга кошулуп жатат: "Кытай буга чейин өзөктүк технологияны Пакистанга бергени менен белгилүү. Өткөн жылы болсо Кытай - анын аскерий жана аскерий эмес программаларына уран жетпей жатканы тууралуу билдирген. Ошондуктан азыр кайсы жагынан карасак дагы, бул келишим боюнча Кытайга сатыла турган уран же түздөн-түз өлкөнүн аскерий программаларында колдонулат, же ошол сыяктуу аскерий максатта пайдаланылган урандын ордун толуктайт", - дейт сенатор Милне. Ал - Австралиянын Жашылдар партиясынын төрайымы.

Маселе ошол кош стандарттуулукта жатат. Айрым батыш эксперттеринин пикиринде, кош стандарттуулук болмойунча, адилеттүүлүк да болбойт. Мисал үчүн, Израил дагы расмий эмес түрдө өзөктүк куралга ээ, бирок батыш мамлекеттери аны сынга албайт, анткени Израил өзөктүк технологияны башка мамлекеттерге берген эмес жана башка өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч түзгөн жок. Пакистан болсо өзү өзөктүк технологияга жашыруун түрдө ээ болуп, аны башка мамлекеттерге да саткан. Ошондой эле күнөөлөр Түндүк Кореяга каршы дагы айтылууда.

XS
SM
MD
LG