Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

КӨКТӨМ. БАТКЕН. ЖАЛГЫЗ ҮМҮТ ӨРҮКТӨ


Баткен өрүгү акыркы он жылдан бери илгеркидей түшүм бербей келүүдө. Жыл сайын ушул мезгил келгенде элдин жатып туруп тилегени өрүктүн жакшы болуп бериши, анткени көпчүлүк жерин какыраган суусуз адыр талаалар ээлеген бул аймакта өрүк бирден бир кирешенин булагы.

Акыркы он жылдан бери Баткендин сыймыгы болгон өрүк, көңүлдөгүдөй түшүм бербей келет. Бир жылы суук уруп кетсе, экинчи жылы ысыкка күйүп калууда. Ошондой болсо да жыл сайын апрель айында элдин өрүктөн үмүтү үзүлбөй келет. Баткендик Мамадали аксакал кудайдан тилегенибиз эле быйыл өрүктүн мол түшүм бериши дейт:

- Кудадан тилеп өрүктүн гүлүн тиктеп отурабыз. Быйыл жылдын келиши дурус эле. Өрүк гүлдөгөндөн кийин бир жумадан кийн коро байлап анын сөөгү катканга чейин өрүк башынан бир топ кыйынчылыктарды өткөрөт. Өрүк жакшы болуп берсе баткендиктерге оомат келет. Өрүк болсо элде молчулук токчулук болот - дейт баткендик Мамадали аксакал.

Өрүк дээрлик баткендиктердин кирешесинин 50-60 пайызын түзөт. Ошондуктан түшүм болбой калган жылдары, табыйгат кырсыгынан жапа чеккендер сыяктуу эле, өкмөт тарабынан, же сырт жактан жардам көрсөтүүлөр, компенсация төлөмдөрү берилиши керек деген пикирин баткендик ардагер Галбай Мадымаров айтып, төмөнкүлөрдү кошумчалады.

- Биздин элибиз өрүк болбой калган мезгилде, сел алып кетүү сыяктуу эле тайыгат кырсыктарынан жапа чеккендер менен барабар чыгым тартып атышат. Бул зыяндарды төлөп берүү боюнча өкмөттөн, же сырттан жардам көрсөтүү болуш керек деп ойлоймун.

Биз өрүк бактарына, тажик же өзбек туугандардай тийиштүү кам көрө албайбыз. Андан башка Баткенде суугат суулардын аздыгы, же тескерисинче жер кыртышы саздап кеткендиги да өрүк бактардын эрте мөмө берүмдүүлүгүн төмөндөтүп жатат дейт Сайыталым Исманалиев:

- Биз тажик, же өзбек туугандардай жакшы карай албай жатабыз. Өз убагында суу бербейбиз. Анан суу чыгып кеткен жерлер да бар.

Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Сайыталым Исманалиев, өрүк болбой калган жылдары, өкмөт тарабынан жардам көрсөтүү тууралуу программасы жок экенине да токтолуп өттү.

XS
SM
MD
LG