Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Жекшембиде өтө турган шайлоого 25 эл аралык байкоочу катышат


БИШКЕК. Ушул жекшембиде өтүүчү Кадамжай, Куршаб, Балыкчы шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 25 эл аралык байкоочу жана бир чет элдик журналист көз салмакчы. Алардын арасында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жана башка эл аралык уюмдардын байкоочулары бар. Бул шайлоодо Кадамжайда 9, Куршабда 7, Балыкчыда 6 талапкер ат салышат. Добуш берүү эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

XS
SM
MD
LG