Иран АКШ жана анын шериктери БУУнун Коопсуздук кеңеши Тегеранды уранды байытуу иштеринен баш тарттыра алат деп ишенишсе, бул - жаңылыштык деп билдирди.Анын аралыгында Атомдук энергия боюнча эларалык агенттиктин текшерүүчүлөрү Ирандагы ишин башташууда.
Инспекторлор Исфахандагы жана Натанцтагы уранды байытуу ишканаларында болушат. Февралда Тегеран алдын ала макулдашылбаган текшерүүчүлөрдү токтотуу жөнүндө жарыялап, айрым атомдук ишканалардан агентиктин камераларын алып салган эле.
Эларалык мекеменин жетекчиси Мухамед Эл Барадеи келээрки аптада Иранга барып, өлкөнүн лидерлигин көбүрөөк кызматташууга үндөйт деп күтүлүүдө. АКШ Иран тымызын өзөктүк куралдын үстүнөн иштеп жатат деп айыптоодо. Тегеран болсо атомдук программасы тынчтык максаттарын көздөйт деп ырастоодо.
БУУнун Коопсуздук кеңеши Иран айдын этегине чейин уранды байытуу процессин токтотушу керек деген талап коюуда.