Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Атуулдук коом президентке жети талап койду


БИШКЕК. Өткөн ишембиде «Мыйзам жана тартип үчүн» деген аталышта жөө жүрүш өткөргөн бир катар саясий партиялар менен коомдук уюмдар бүгүн анын жыйынтыгын чыгарып, коюлган талаптар боюнча өлкө президентине кайрылуу жолдоду. Ал талап жети бөлүктөн турат. Анда конституциялык реформаны тездетүү, укук коргоо органдарын жана мамлекеттик телеканалды реформалоо, коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү сыяктуу талаптар коюлган.

XS
SM
MD
LG