Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

ИТАЛИЯДА “ИТ ЖЫГЫЛЫШ” БОЛЧУДАЙ


Италияда парламенттик шайлоо “ит жыгылыш” менен аяктачудай. Акыркы маалыматтарда азыркы премьер-министр Силвио Берлускони менен анын атаандашы Романи Продинин коалициялары тең бирдей добуш алганы айтылууда. Мындай учурда шайлоонун жеңүүчүсүн жогорку сот инстациясы аныкташы мүмкүн.

Италиянын мыйзамдарына ылайык, парламенттин эки палатасында тең көпчүлүк орундар эч кимге тийбесе, анда бир да коалиция өз алдынча өкмөт түзө албайт.

Ушул мүнөткө чейинки маалыматтарда Берлускони жетектеген оңчул-орточулдардын коалициясы жогорку палатада бир орун көп алганы,ал эми Продинин солчул-орточулдары төмөнкү палатада болор-болбос артыкчылыкка жетишкени айтылууда. Байкоочулар быйылкы “ит жыгылышты” буга чейин боло элек көрүнүш деп аташты.

Эгер тараптардын бири да артыкчылыкка жетише албаса,жеңүүчүнү эки аптадан соң өлкөнүн жогорку сот инстанциясында аныктоого туура келет. Жаңы парламент биринчи жыйынга 28-апрелде чогулат.

Силвио Берлусконинин азыркы өкмөтү соңку алтымыш жыл ичинде өз мөөнөтүнө чейин иштеген биринчи кабинет болду. Бирок өлкөдө соңку жылдары экономикалык өсүш токтоп калды.

Романо Проди мурда,1996-жылы Берлусконини утуп,премьер-министр болгон. Кийин Европа комиссиясын жетектеген. Быйылкы шайлоого ал 280 беттен ашуун программа менен катышты. Эгер бийликке келсе, Италияны кайра жаралтууга убада берген.

Сүрөттө: Франциянын азыркы премьер-министри Силвио Берлускони.

XS
SM
MD
LG