Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

ЮРИЙ ГАГАРИН КЫРГЫЗ ЖЕРГЕСИНЕ КЕЛИП ЭС АЛЫП КЕТЧҮ


11-апрель күнү Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Юрий Гагариндин космоско учушунун 45 жылдыгына арналган салтанат болуп өттү. Салтанатты Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги менен “Гармония” орус маданий борбору биргелешип уюштурган.

Космонавтика күнүн утурлап өткөрүлгөн бул иш-чара атайын сүрөт көргөзмөлөрү менен да толукталыптыр. Өзгөчө конструкциялык бюро болуп эсептелген Бишкектеги “Аалам” ачык типтеги акционердик коому эле дал бүгүнкү күндө космосту багындырууга тиешелүү ондогон тетиктерди чыгарарын ар ким эле биле бербесе керек. Биз адегенде туңгуч космонавт Юрий Гагаринди жакындан көрүп-билип калган инсан катары белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Тилектеш Ишемкуловду сөзгө тарттык:

-Юрий Алексеевич Гагарин менен менин алгачкы жолугуум 1963-жылы май айынын орто ченинде болгон. Анда ал киши космонавттар отрядынын командири, генерал-полковник Каманиндин коштоосу менен ошол учурдагы коргоо министрлигинин Тамгадагы санаторийине келип эс алган болчу. Мен райком комсомолдун 1-катчысымын. Саруу кыштагынын чоң клубунда Юрий Алексеевич менен жолугушуу өткөрдүк. Тирүү чаарчык белек кылдык. Тирүү белекке сүйүнгөнүнөн жашып кетпеспи. Андан кийин ат оюндарын уюштурдук. Ат чаап жүрүп, кумга кулап да түштү. Абдан жупуну кийинип алыптыр: бутунда босоножка, жонунда теннис футболкасы.

Салтанатта сөзгө чыккан Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагин 1961-жылдын 12-апрелин күнү бүгүнкүдөй эстеп, сөзүн төмөндөгүчө жыйынтыктады:

-Андан бери 45 жыл өттү. Жакында эле бразилиялыктар бүт көчөгө чыгышып, бразилиялыктын биринчи жолу космосту багындыргандыгына жетине албай, көчө менен бир болуп
кыйкырып-сүйүнүп жүрүшпөдүбү. А сиздер менен биздер андай нерсени эчак басып откөнбүз! Бул аралыкта ондогон өлкөлөр өз жердештерин космоско узатышты. Орусиянын эле эмес, Кыргызстандын да космонавты айга учту!


Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Адахан Мадумаров болсо биринчи болуп Советтер Союзунун космосту багындыруусунун философиялык өнүтүнө токтолду:

-Муну менен Совет эли, Совет мамлекети бүткүл дүйнөгө тынчтыкта жанаша жашоону көргөзгүсү келген! Бүткүл дүйнөгө тынчтык керектигин далилдегиси келген! Андыктан, биз, советтик окуучулар бүт космонавт болгубуз келчү! Азыр карасаңар, балдардын баарысынын эле бизнесмен же банкир болгусу келет! Мурдагы ошол улуу баалуулукту кайра кайтарып алышыбыз керек!

XS
SM
MD
LG