Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

ИРАН КАЙРАДАН СЫНГА КАБЫЛДЫ


Тегеранда бүгүн атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин – МАГАТЭнин директору Мохаммед ал-Барадей Ирандын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мындан эки күн мурда президент Махмуд Ахмединежад Иран уран байытуунун технологиясына ээ болгонун жарыялаган эле. Тегерандын бул аракети эл аралык коомчулуктун айыптоосуна туш болду.

Иран жетекчилеринин билдирүүлөрүн көп өлкөлөр сынга алды. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс уран байытканын жарыялап, Иран өзүн изоляциялоо багытында дагы бир кадам жасаганын белгиледи. Муну менен Иран эл аралык коомчулуктун талаптарын аткарбай жатканын көрсөттү. Ошондуктан Райс кезектеги жыйынга чогулганда ушул жагдайды эске алып, дүйнөлүк коомчулуктун ишенимин сактоо үчүн Коопсуздук Кеңешин катаң чаралар менен Иранга жооп кайтарганга чакырды.

Ирандын кадамын Кытай да сынга алды. Ошол эле учурда Пекин кризисти чечүүдө МАГАТЭге негизги озуйпа жүктөлүшүн жактайт. Санкциялар жана башка чаралар проблеманы жөнгө салууда жардам берерине Кытай көп ишенбейт.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Иранды уран байытуу ишин токтотууга, бул маселеде МАГАТЭ менен толук кызматташууга чакырды. Буга кошумчалап ал абалды көбүртүп-жабырткандан этиет болууга журналисттерге кеңеш берди. Лавров ядролук курал түзүүгө умтулуп жатканын Иран эч качан айтпаганын, тетирисинче, атом энергиясын жалаң тынчтык максаттарга пайдаланууну көздөй турганын жогорку деңгээлде ырастап келатканын эске салды.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан бардык тараптарды кризисти чечүүдө дипломатиялык жол тапканга чакырып,ушул багытта активдүү иштөө керектигин, кырдаалды кыйчалыштыруунун кажетсиздигин эскертти. Иранды Евросоюз өлкөлөрү,алардын ичинде Британия,Германия жана Франция да сынга алышты.

МАГАТЭнин директору Мохаммед ал-Барадей Тегеранга келип түшкөн соң жагдайды жөнгө салуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланганга аракет кыларын билдирди. Калган суроолорго сүйлөшүүлөрдөн соң жооп бергенге даярмын, деп айтты ал такыктаган журналисттерге.

XS
SM
MD
LG