Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Оор кылмышка кириптер эки адамды Россия Кыргызстанга бербей турган болду


БИШКЕК. Орусиянын башкы прокуратурасы Кыргызстандын жаза аткаруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Владимир Носов менен Маалыматтык технологиялар жана ресурстар боюнча агенттигинин мурдагы башчысы Юрий Лысогоровду Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты. Алардын экөө тең азыр Орусия жараны экени буга себеп болгонун бүгүнкү парламент жыйынында баш прокурор орун басары Жумадил Макешов билдирди. Март ыңкылабынан кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы В. Носов менен Ю. Лысогоровдун үстүнөн кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган жана Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы келген келишимдерге кол койгон деген айыптар боюнча кылмыш иштерин козгогон.

Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG