Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

АКШ АСКЕРИНИН ЖЕТЕКЧИЛИГИНДЕГИ МАСЕЛЕЛЕР


Нарын АЙЫП, Прага Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министри болуп илгертен аскерий эмес саясатчылар дайындалат. Бирок америкалык эксперттердин айтымында, дал ошондой аскерий эмес адамдар Иракка каршы согуш баштап, азыр Иранга каршы да күч колдонуу сунушу менен чыгууда.

Акыркы күндөрдө АКШ маалымат каражаттарында - америкалык жетекчилик азыр Иранга каршы күч колдонуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат деген кабарлар көп пайда болууда. "Нью-Йоркер" деген журнал 9-апрелде билдиргенге караганда, жогорку аскерий жетекчилик көп көңүлсүбөгөнү менен, Коргоо министрлигинин Илимий кеңеши Иранга каршы тактикалык өзөктүк курал колдонуш керек деген сунуш менен чыкты. Аны менен катар жогорку аскерий жетекчилик баары бир курал колдонууга каршы, бирок сунуш айтылгандан кийин, өкмөт аны азыр - келечекте колдонулушу ыктымал болгон мүмкүнчүлүк катары кароодо.

Башка эксперттердин айтымында, 2003-жылы Иракка каршы согуш башталаар алдында дагы айрым аскерий жетекчилер ага каршы болгон, бирок президент Жорж Бушту андай чечим кабыл алууга коргоо министри Дональд Рамсфелд жана вице-президент Дик Чейни көндүргөн. Экөө тең аскерий эмес саясатчы, бирок Чейни мурда коргоо министри болуп иштеген. Аскерий адам болгон ал кездеги мамлекеттик катчы Колин Пауэлл болсо Чейни менен Рамсфелддин саясатына айрым учурларда каршы чыкканы да белгилүү.

Пауэллдин кеңсесинин башчысы болуп иштеген полковник Ларри Вилкерсондун айтымында, президент Билл Клинтондун учурунда мамлекеттик катчы болгон Мэдлин Олбрайт дагы ар башка маселелерди чечүү үчүн күңч колдонууну жакшы көргөн: "Мэдлин такай бизди согушка жиберүүгө аракеттенчү. Биз болсо аны каалачу эмеспиз. Кан төгүлүп, өлгөнгө макул болчу эмеспиз", - дейт Вилкерсон.

Дагы бир мурдагы полковник Кеннет Алларддын айтымында, аскерий адамдар солдаттардын өмүрүн сактап калууга аракеттенет, эч качан согушка катышпаган саясатчылар болсо башка адамдардын өмүрүн көп баалабайт. Дагы бир себеп - коргоо министрлигин башкарууга дайындалган аскерий эмес адамдар министр болуп орто эсеп менен үч жыл иштейт, аскерлердин көпчүлүгү болсо өмүр бою аскерий кызматта.

Андан тышкары, Коргоо министрлигин башкарган аскерий эмес адамдар илим жана технологияга көп ишенет жана согушта азыр аскерлер эмес, технология жеңишке жеткирет деп эсептейт: "Рамсфелд солдаттарга эмес, технологияга көбүрөөк ишенет. Иракка талаптуу санда аскер жиберилген эмес. Бизге такай аскерлер жетишкен эмес, анткени Рамсфелд такай - максатка биз технология колдонуу менен жете алабыз деп айтат. Бул жөн гана текебердик", - дейт Аллард.

Акыркы апталарда болсо бир нече белгилүү мурдагы америкалык генерал коргоо министри Доналд Рамсфелддин кызматтан кетишин талап кылды. Анткен менен Биргелешкен аскерий ордонун башчысы генерал Питер Пэйс ага каршы чыкты.

XS
SM
MD
LG