Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Жалалабатта автобус дарыяга түшүп кетип бир адам каза тапты


ЖАЛАЛАБАТ. 12-апрелде түштөн кийин 28 жаштагы айдоочу автоунааны башкара албастан ТАРЗ үлгүсүндөгү автобус Сузак районундагы Чангет суусуна түшүп кеткен. Кырсыктын айынан 45 жаштагы Нышанбаев аттуу жаран ооруканага жеткирилгенде көз жумган. Жыйырма эки адам денелеринен ар түрдүү жараат алып, облустук ооруканын травматология, жаак жана нейрохирургия бөлүмдөрүнө жаткырылган. Мындай маалымат Чукул кырдаал башкармасына 14-апрелде келип түшкөн. Жума күнү абалы жакшырган бир киши травмотология бөлүмүнөн чыгарылды. Калгандарынын ден-соолугу канаттандырарлык деп билдиришти ооруканадан.

XS
SM
MD
LG