БИШКЕК. Эдил Байсаловго кол салуу боюнча анын саясий ишмердигине байланыштуу, тоноо максатындагы ээнбаштык жана жапа чеккен адам менен кимдир бирөөнүн касташтыгы деген үч жоромол иликтенүүдө. Күбөлөрдүн айтымында, Эдил Байсаловго 25-30 жаштар чамасындагы азият улутундагы жапалдаш бойлуу жигит кол салган. Окуяга андан башка да бир адам катышкандыгы айтылып, анын өң-келбети такталууда. Бул тууралуу Бишкек шаар прокурору Учкун Каримов парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди. Эдил Байсаловго ок атылганы же башына катуу зат тийгени дале белгисиз.