Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

«Жерүй» маселеси Таласта такталат


БИШКЕК. 22-апрелде Талас шаарында «Жерүй» алтын кенине байланыштуу нааразылык акциясы өтмөкчү. Бул тууралуу «Азаттыкка» депутат Болот Шерниязов билдирди. Анын айтымында «Жерүй» алтын кенин иштетүү токтоп калгандан улам сегиз жүздөй таластык жумушсуз калды. Президент Курманбек Бакиев аталган кенди иштетүүгө көмөктөшөм деген убадасын аткарган жок, өкмөт дагы сөзүнө турбай жатат, дейт депутат. Болот Шерниязовдун маалыматы боюнча 29-апрелде Бишкекте өтө турган демократиялык күчтөрдүн жыйынына Таластан да кишилер келип катышмакчы.

XS
SM
MD
LG