БИШКЕК. Республикалык оорукананын нейротравмотология бөлүмүнөн 16-апрелде билдиришкендей, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» Коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун саламаттыгы канааттандырарлык. Бирок, азырынча кайсы күнү ооруканадан чыгаары белгисиз. Эдил Байсалов 12-апрель күнү кол салууга кабылып, башынан жараат алып, ооруканага түшкөн. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди издөө-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Азиза Турдуева, Бишкек
Редактору Бакыт Орунбеков
Азиза Турдуева, Бишкек
Редактору Бакыт Орунбеков