Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:47

ӨЗГӨН МЕНЕН КАРАКУЛЖАНЫН АКИМДЕРИ ОРДУЛАРЫНДА КАЛДЫ


Жергиликтүү элдин арасында нааразылык толкуну чыкканына байланыштуу Каракулжа жана Өзгөн райондорунун мурда бошотулган акимдери кайра ордуларында калтырылды.

Каракулжа районунун акиминин милдетин аткаруучу Жаңыбай Асранов менен Өзгөн районунун акиминин милдетин аткаруучу Үсөнбай Абдраимов кайрадан мурунку кызматтарында иштей баштады. Ош облус губернатору Адам Закировдун айтымында мындай чечим нааразылык билдирген элдин талабы боюнча кабыл алынды.

- Мен республиканын жетекчилери менен сүйлөшүп, алардын макулдугу боюнча, ордуларында калышты. Учурда экөө тең иштеп жатат,- деди губернатор.

Адам Закиров аткарылбаган Президент буйругу кайра оңдолуп чыгарыларын жана сөз болуп жаткан райондордун акимдеринин алмаштырылышына өзү да макулдук бергенин жашырганы жок.

Каракулжа жана Өзгөн райондорунун акимдерин алмаштыруу жөнүндө Президент буйругу өткөн жумада чыккан. Бул чечим чыга электе эле аны угуп алып Каракулжадан нааразы болгон адамдар Ошко чейин келип облакимчиликтин алдында каршылык акциясын өткөрүшкөн.

-Губернатор чакырып алып мага айтты кызматтан кеттиң деп. Себебин да билдиргени жок, Президент буйругунда “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” деп белгиленген тура, ,бирок эч кандай кызмат да сунуштаганы жок. Райондо эл курултайга келишти эле, аларга ачык айттым болгон ишти. Бүт нааразы болушуп, Ошко – облус акимчилигине 250дөй киши барды, райондо 1500дөй киши митингге чыкты. Губернатор кечирим сурап, кайра иштей берүүмө уруксат берди анан,- деп айтты болгон окуяны Каракулжа районунун акиминин милдетин аткаруучу Жаңыбай Асранов.

Саясатчы Бегиш Аматовдун баамында Президент буйругунун аткарылбай жолдо калышы Конституциялык реформанын жасалбай жатышы менен түздөн-түз байланышта.

Ал эми “Кыргыз Руху” гезитинин редактору Болот Таштаналиевдин оюнча бул жерде кимдир-бирөөлөр ошол элди Президент буйругуна каршы турууга үндөп, уюштуруп жаткандай:

-Балким, ошол акимдер өздөрү түртүп жатышат. Президент буйругу кандай болбосун аткарылыш керек. Адамдардын тобу келип туруп эле, бул жарайт, бул жарабайт дегени туура эмес. Бул жерде Президент буйругунун аткарылышын шарттай албаган облус губернатору кызматтан баш тартышы керек. Эмнеге олтурат ал Президенттин саясатын жүргүзө албагандан кийин!

Болот Таштаналиевдин пикиринде, Президент Бакиевдин буйругу түштүктө - анын кичи мекенинде аткарылбай жатканын өзү ойлонто турган кейиштүү синдром болуп саналат.

Бул жагдай азыркы кыргыз бийлигинин эртелеп эле элден ажырап бараткандыгын каңкуулайт деп белгилейт Жогорку Кеңеш депутаты Жантөрө Сатыбалдыев:

-Мына мыйзам негизинде рай кеңештер кайра түзүлдү. Бир аз чыдап туруп, акимдердин талапкерлигин Президент ошол райкеңештерге сунушташ керек эле. Макулдук сураш керек болчу. Мурунку иштеп аткан акимдердин кемчилигин, катачылыгын ошол эл өкүлдөрүнө ачык айтып туруп, анан кызматтан алыш керек эле. Ошондой кылбастан элди тополоңго салыш – борбордук бийлик эмитен эле элден алыстап, ажырап бараткандыгын көрсөтүп атпайбы.

Президент Бакиев аткарылбаган буйругун алып салабы же башкача чечим болобу, аны азыр болжоп айтуу да кыйын.

XS
SM
MD
LG