Маселен Лондон биржасындагы кечээги соодада кара майдын бир баррели 72,64, Нью-Йорктогу биржада 71,6 долларга чейин чыгып, кайра соода аяктаган кезде кичине төмөндөдү. Аналитиктер кымбаттоону Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кризистин курчушу менен байланыштырышууда. Иран мунай экспорттоо жагынан дүйнөдө төртүнчү орунда турат.