Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Кыргызстандын энергетика тармагына Орусия инвестиция салууга кызыкдар


БИШКЕК. Орусия менен Кыргызстан жакынкы үч жылда товар жүгүртүү көлөмүн 1 миллиард АКШ долларына чейин көбөйтө алат. Бул тууралуу Кыргызстанда иш сапары менен болгон Орусиянын федералдык атом энергиясы боюнча агенттигинин башчысы, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагасы Сергей Кириенко билдирди. Учурда эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү жарым миллиард долларды түзөт. Сергей Кириенко бүгүн президент Курманбек Бакиев, өкмөт башчы Феликс Кулов жана башка өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, анда эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкууланды. Бул жолугушууларда Орусиянын ири компаниялары Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция салууга, өзгөчө Камбарата электр станцияларынын аягына чыгарууга кызыкдар экени айтылды.

XS
SM
MD
LG