Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Алмаз Атамбаев министр кызматынан кетерин билдирди


БИШКЕК. «Мен үчүн министрлик орундан Кыргызстандын келечеги манилүү», деп белгилейт Алмаз Атамбаев бүгүн коомчулукка тараткан билдирүүсүндө. Ал бүгүн өлкө бийлигинин саясатына каршы болгону үчүн өнөр жай, соода жана туризм министри кызматынан кетүүнү чечкенин жар салды. Социал-демократтар партиясынын башчысы Алмаз Атамбаевдин жүйөөсүндө, «Жогорку бийликте мурдагыдай эле үйбүлөлүк саясат доорон сүрүүдө. Коррупция менен күрөшүү мурдагыдай эле куру чечендиктен алыс узаган жок, реформалардын карааны көрүнбөйт, кылмыш төбөлдөрү бийлик чөйрөсүнө аралашуусуна жол берилүүдө».

XS
SM
MD
LG