Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

Ирактын жаңы премьер-министри ким болоору аныкталды


Нарын АЙЫП, Прага

Шийилер көпчүлүк түзгөн Ирактын бириккен альянсы премьер-министрлик кызматка Жавад ал-Малики деген саясатчыны көрсөтө турганын билдирди, ал азыркы убактылуу премьер Ибрагим ал-Жаафариге жакын адам. Парламент сессиясы бүгүн өткөрүлөт, суннилер менен күрддөр каршы чыккан Жаафари өз талапкерлигинен 20-апрелде чегинген. Курдистандын атуулдук бирикмесинин мүчөсү Саади Ахмад Пиранын айтымында, Жаафаринин чегиниши оң көрүнүш: "Ал-Жаафаринин талапкерликтен чегиниши оң кадам болду. Аны менен Жаафари Иракка жана өлкөдөгү демократиялык жараяндарга жардам көрсөтүүдө", - деди Пира. Тараптар ортосунда түзүлгөн келишим боюнча, күрд Жалал Талабани экинчи мөөнөткө президент болуп калат, сунни Тарек ал-Хашеми жана шийи Адил Абдел-Мади эки вице-премьер болушат, сунни Махмуд ал-Машхадани спикерлик орунга көрсөтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG