Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Палестинада жаңы коопсуздук кызматынын түзүлүшүнө төрага Махмуд Аббас каршы чыкты


Палестина автономиясынын ички иштер министри Саид Сиам 20-апрелде чыгарган буйрукту кечээ күнү төрага Махмуд Аббас жокко чыгарды. Ал буйрук боюнча автономияда жаңы коопсуздук кызматы түзүлмөк жана аны башкарууга Жамал Абу Самхадана деген адам дайындалган. "Палестинанын ички иштер министрлиги кабыл алган чечимди укуктук жактан изилдеп чыккандан кийин төрага Махмуд Аббас премьр-министр Исмаил Ханияга кат жиберүүнү чечти. Ал катта - чечим мыйзамсыз экени жана ал жокко чыгарылууга тийиш деп айтылат", - деп билдирди Махмуд Аббастын жардамчысы Тайеб Абдел-Рахим. Кызматка дайындалган Самхадана кошуна Израилде кылмышкер деп таанылган жана ага издөө салынган.

XS
SM
MD
LG