Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

НАЗАРБАЕВДИН КЫРГЫЗСТАНДЫК ДОСУ МАРАТ АКМАТАЕВ


Аманбек Жапаров,Бишкек Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин бала кезден берки досу Марат Акматаев Кемин районундагы Кичи-Кемин айылынын тургуну. Учурда Бишкекте ишкерлик менен алектенет. Ал январь айында Астанага барып Нурсултан Назарбаевдин президенттик ант берүү аземине катышып келген.

-Марат ага казак президенти Нурсултан Назарбаев менен кайсы жашыңыздан баштап достоштуңуз? Эсиңизде калган бала кездеги кызыктуу окуялардын бирин айтып берсеңиз?

-Мен Нурсултанды бешинчи класстан бери жакшы тааныйм. Экөөбүз 1940-жылы туулганбыз. 48-жылы мен Кичи-кемин орто мектебине,Нурсултан Чамалган деген жердеги мектепке биринчи класска бардык. Аталарыбыз абдан жакын ымалалашкан адамдар экен. Экөөбүздү дос кылып коюшкан. Чамалган деген айылдагы мектеп орус тилиндеги мектеп болуучу. Ал жетинчи классты бүткөндө, атасы Абыш аба “болду бир институтту бүттүң. Эми казакча оку. Казакча билбесең болбойт”, деп Каскелеңдеги Абай атындагы мектепке которулуп, ошол жерден онунчу классты бүттү. Мен Кичикеминден бүттүм. Экөөбүз бала кезде бир өстүк. Анын атасы Абыш аба ферма, менин атам жылкычы. Коңур жайлоосунда бирге жайлашып катышып турушчу. Себеби Нурсултандын эки чоң энеси кыргыздын кыздары болуптур. Алар аркылуу куда-сөөк болуп абдан жакын эле.

1958-жылы орто мектепти бүттүк. Анан экөөбүздү Алматага бирге окууга баргыла деп жөнөтүштү. Нурсултан Айыл чарба иниститутуна “Айыл чарбасын пландоо” дегенге, мен “жеңил өнөр жайы” боюнча окууга тапшырдык.Бирок экөөбүз тең конкурстан өтпөй калдык. Анан Карагандадагы металлургия комбинатына жергиликтүү улуттун балдарын окутабыз деп комсомолдук путевка менен комиссия бир топ балдарды тандап алды. Биз ошого туш болуп октябрь айында жөнөп кеттик. 1958-жылы ноябрь айында Днепродзержинскиге барып окуп калдык. Ал жерде Нурсултан староста болду. Орусчаны да мыкты билет. Гармошканы да катыра чертип, тез эле окуу жайдын администрациясынын көңүлүнө толду. Ар кандай кечелерди абдан мыкты уюштураар эле.

-Марат ага, бала кезиңизде Нурсултан менен болгон кызыктуу бир окуяга токтоло кетсеңиз?

-Украинадагы окуубуздан каникулга чыкканда биринчи Алматага Нурсултандыкына бардык. Анан Нурсултандын апасы, карындашы болуп Кичи-Кеминге, ал жерден Коңур жайлоосуна атамдарга бардык. Барсак жайлоодо кыргыз-казактардын чоң тойу болуп атыптыр. Нурсултан Днепродзержинскиде жүргөндө эркин күрөш менен машыгып жүрүүчү. Бир кезде топту бузуп атам Нурсултанды ортого алып чыкты “менин балам күрөшкө түшөт”, деп. Нурсултандын күрөшүп жүргөнүн билет да. Ары жакта күрөшкө чыккан далдайган казак жигити турат.

-Нурсултан кыргыздардын атынан түштүбү?

- Ооба. Атам аны өзмдүн балам деп атпайбы. Карасай атанын арбагы колдосун деп бата кылып жиберди. Карасай демекчи ал Нурсултандын чоң аталары болот сайышка, эр эңишке түшүп жүргөн баатыр адам болгон экен. Азыр да Нурсултан ошол Карасай бабамдын арбагы колдосун деп калат. Анан экөө ортого чыгып, тиги казак кол суна бергенде Нурсултан кандай чапты билбейм. Көз ачып жумганча тиги далдайган казак жерге суналып жатып калды. Атам кыйкырып эле Нурсултанды көтөрүп, “жыкты, утту”, деп эле калды. Кыргыз туугандар жаалап аны колго көтөрүп кетти. Анан эр эңиш болгондо атам аны чыгарбай койду.

-Нурсултандын чабендестиги да бар беле?

-Ошол тойдун соңунда улак тартыш болду. Оо-уу анда кыргыз-казактар чоң серкени алып чыгышып көк бөрүнү катуу тартышчу. Биздин мыкты кызыл айгырыбыз бар эле. Нурсултан улакка түшөм дегенде атам ошол айгырды мингизди. Биринчи таман болуп, анан аламанга түшкөндө баягы серкени Нурсултандын такымына басып бердик. Кызыл айгырдын оозун кое бер дедим.

Укмуштай күчтүү айгыр эле, топ бузуп чыга берди. Бир кезде желени көздөй чымын-куюн болуп жөнөдү. Артынанан куугандар бирин-серин болуп артта калып баратат. Нурсултан кырдан өтүп, тик ылдый чаап кетти. Кырга келип кыргыз-казак чогулуп карап калдык. Учуп өлөт ко дедик.Такымынан улакты чыгарбай кыргыздардын жайлоосуна алып качып кеткен. Анын колу абдан карылуу болчу.

Студент кезде Кичи-Кеминге, Фрунзеге көп келди. Менин классташ, курдаштарым менен тез эле ымала таап, эски тааныштарындай болуп кетчү.

XS
SM
MD
LG