БИШКЕК. Эртең боло турган митингдин бир да катышуучусу же уюштуруучусу Акүйдү басып алууга чакырган жок деп айтылат бейөкмөт уюмдар президентке жазган кайрылууда. Анда президенттин 26-апрелде жабырлануучулар болот деп айткан сөзү коркутуу-үркүтүү катары бааланган. Атуулдук коом өкүлдөрү 29-апрелде кандайдыр бир мыйзамсыз кадамдар жасала турган болсо Конституциянын гаранты катары президент жооптуу деп эскертишет.