Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

«Реформа үчүн» кыймылы: «митингге 20 миңден ашык киши катышат»


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте өтөрү күтүлүп жаткан тынчтык митинг Борбордук Алатоо аянтында өтүп, ага 20 миңден ашык адам катышаары болжолдонуп жатат. «Реформа үчүн» кыймылынын төрага орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шерниязовдун маалыматына караганда, митингге катышууну каалагандар Бишкек шаарынын ар тарабынан алты топко бөлүнүп, саат 10 жарымда аянтка келишет. Митинг саат 11де башталат. Акция канча мөөнөткө созулаары президент Курманбек Бакиев баштаган расмий бийликтин коюлган талаптарга мамилесине жараша аныкталат. «Реформа үчүн» кыймылы бийликке 10 талап коюп, ал аткарылбаса беш күнгө чейин нааразы тарап тарабай турганын мурда маалымдаган.

XS
SM
MD
LG