Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Министрлердин отставкасын Президент кабыл алган жок


Өкмөт курамындагы он төрт министрдин кызматынан кетүү тууралуу арызын Президент К. Бакиев кабыл албады. Мамлекет башчы Өкмөт куралгандан кийинки кыска мөөнөттө министрлердин ишинен жыйынтык чыгаруу эрте экенин белгилеп, өлкөдөгү туруктуулук үчүн өкмөттүн толук курамында иштешин зарыл деп тапкан.
Өткөн жумада парламентте иши боюнча начар баа алган министрлер бүгүн отставкага кетүү жөнүндө арыз беришкен. Алар менен кошо премьер-министр Ф. Кулов дагы кызматынан кетмекчи болгон, бирок аны ордунда калууга министрлер ынандырып көндүрүшкөн экен.

XS
SM
MD
LG