Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:48

ПРЕЗИДЕНТТИК БАШКАРУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ ЭМНЕДЕ?


Айданбек Акматов, Бишкек Кыргыз коомчулугу кезектеги конституциялык реформанын алдында турат. Ал реформанын алкагында өлкөнүн бийлик системасынын өзгөрүшү күтүлүүдө. Учурда коомчулук президенттик, парламенттик жана аралаш бийлик системаларынын артыкчылык-кемчиликтери боюнча талкууга кирүүдө. Мына ушул системалардын ичинен президенттик башкаруунун өзгөчөлүгү эмнеде?

КМШ курамына кирген өлкөлөрдүн дээрлиги президенттик башкаруу системасында экени белгилүү. Алардын ичинен Украина менен Армения өткөн жылы парламенттик-президенттик башкаруу системасына өткөн. Мына ошол өзгөрүүгө ылайык, март айында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча Украина коалициялык өкмөт түзүү аракетин жасоодо.
Ал эми Кыргызстанга сунушталып жаткан президенттик система Америка Кошмо Штаттарынын бийлик системасына окшош. Аерикада премьер-министр кызматы каралган эмес. Президент аткаруу бийлигин түздөн-түз өзү жетектейт. Мына ушундай бийлик системасына ылайыкташтырылып жазылган Конституциянын долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов жакында эле президентке сунуштады. Бул системанын артыкчылыгы жана кемчилиги тууралуу өлкөгө белгилүү юристерге кайрылган элек. Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин деканы Серикул Косаков мындай деди:

Кемчилиги, бир кишинин колуна баары өтүп кетеби деген коркунучтун бардыгында. Бирок аны Конституцияда үч бийлигинин ыйгарым-укуктарын так бөлүү менен чектесе болот. Артыкчылыгы, натыйжаны бат беришинде. Андан кийин жоопкерчиликте. Бир кишини койгондон кийин ал жоопкерчиликтүү болот.

Ал эми юридика илимдеринин доктору Чолпонкул Арабаев президенттик система боюнча мындай пикирин айтты:

Биринчиден, артыкчылыгы президент канчалык ыйгарым-укукка ээ болсо, ошого жараша келечекте мамлекеттин жоопкерчилигин да жалгыз өзү мойнуна алыш керек. Жоопкерчилкти бир киши алат. Кемчилиги болсо, эгерде бийликти бүт өз колуна алгандан кийин, бардык маселени өзү чечип, бийлик башка бутактарынын нааразылыгын пайда кылышы ыктымал.

Чолпонкул Арабаевдин айтымында, президент аткаруу бийлигин түздөн-түз өзү башкарган шартта бирин-бири кайталаган структуралар кыскарып, бюджеттик каражат үнөмдөлөт жана бийликте карама-каршылыктар, интригалар кыскарат.
Бир катар бийлик системасына ылайыкташтырылган конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча президенттин жардыгы менен түзүлгөн комиссиянын башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнө караганда, комиссия президенттик башкаруунун түрү боюнча да бир нече долбоорду иштеп чыкмакчы. Тактап айтканда, бир долбоор премьер-министрсиз президентик бийлик болсо, экинчиси тескерисинче болмокчу. Алардын баары президенттин кароосуна коюлмакчы.

XS
SM
MD
LG