Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Сербияда Ратко Младичти издөө боюнча атайын операция жүргүзүлдү


Сербиянын батышындагы бир нече шаарларда Босниялык сербдердин куралдуу күчтөрүнүн мурдагы жетекчиси Ратко Младичти издөө боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Согуш кылмыштарында күнөөлөнүп жаткан генерал Ратко Младич табылган жок, бирок шектүү деп эсептелген 10 адам камакка алынды. Өткөн аптада Евробиримдик Сербияны уюмга кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр болбойт деп жарыялады. Анын себеби Белград Младичти камакка ала албагандыгы менен түшүндүрүлдү. Ратко Младичке Гаагадагы аскердик трибунал тарабынан издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG