Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Өзбекстан элчилигинин алдында качкындар таламын талашкан митинг өтөт


БИШКЕК. Анжиян окуясынын бир жылдыгына карата 12-майда Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өтөөрү күтүлүүдө. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын айтымында, митинг дүйнө коомчулугунун көңүлүн Анжиян окуясынын кесепеттерине буруу максатын көздөйт. Бул митингде жарандык коомдун өкүлдөрү, Кыргызстанда баш калкалап жүргөн өзбекстандык жарандар Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго кайрылуу жолдоп, бул окуяны акыйкат иликтөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышат.

XS
SM
MD
LG