БИШКЕК. “Фридом Хауз” эл аралык уюму президент Курманбек Бакиевди убадасына турган жок деп сындаган билдирүү таратты. Мамлекет башчы өкмөттүк гезиттерди мамлекеттен ажыратуу жана мамлекеттик телеканалды коомдукка айландыруу тууралуу 24-марттан кийин берген сөзүнө турган жок деп айтылат билдирүүдө. Фридом Хауздун байкоолоруна караганда, Кыргызстанда Аскар Акаевдин тушундагыга салыштырмалуу эркин маалымат каражаттарына басым азайган менен бул багыттагы реформалар ордунан жылган жок.