Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

«Ата Мекен» партиясы НТС телеканалына байланышкан кырдаал боюнча көз карандысыз комиссия түзүүнү сунуштады


БИШКЕК. Аталган партия тараткан билдирүүдө маселени калыс иликтөө үчүн бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн куралган комиссия түзүү сунушу айтылат. Билдирүүдө жекеменчик НТС сыналгы каналына жасалган мамиле бийликтин кысымы катары бааланып, бул Кыргызстандагы сөз эркиндигине көлөкө түшүрөөрү белгиленген. Аталган телеканал ушул айдын башынан тарта өлкө борборунан башка аймактарга көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, анын ордуна өкмөт каржылаган ЭлТР коомдук телекөрсөтүүсү чыга баштады.

XS
SM
MD
LG