Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Чукул кырдаалдар министрлиги кытайлык компаниянын үстүнөн сотко кайрылышы ыктымал


БИШКЕК. Ага «Чайно-Раод» компаниясы Куршаб дарыясынын жээгиндеги дамбаны сапатсыз курушу себеп болгон. Дарыядагы суу көтөрүлүшүнөн улам дамбаны суу жууп, жээкке жакын Карасуунун Жаңы арык айылындагы 12 үйгө 50-60 метрдей жетпей, эгин аянттарын суу баскан. Башкармалык аталган компанияга мындан аркы жапа чегүүлөрдүн алдын алуу талабын койду. Эгер талап аткарылбаса сотко кайрылышаарын «Азаттыкка» бүгүн башкармалыктын маалымат катчысы Айкүн Исмаил кызы билдирди. Кытайлык компания бул аймакта асфальт-бетон заводун иштетет.

XS
SM
MD
LG