Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Д. Сарыгулов элдин тынчтыгы үчүн кызматтан кетти


БИШКЕК. Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов кызматтан чегинишин 29- апрелдеги митингде коюлган талаптарга байланыштырат. Ал бул тууралуу кызматтан кетүү тууралуу арызында жазган. "Революциядан кийинки Кыргызстан үчүн учурда өлкөдөгү стабилдүүлүктү, атуулдук тилектештикти сактоо маанилүү. Мен дал ушуларды сакташ үчүн кызматтан чегинип жатам" деп жазган Дастан Сарыгулов. Ал 24-марттагы ыңкылаптан кийин бул кызматта туруп жаңы бийликке көлөкө түшүргөн бир дагы осол иш жасаган эместигин белгилеген.

XS
SM
MD
LG