Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

АНЖИАНДАГЫ КАНДУУ ОКУЯГА БИР ЖЫЛ БОЛДУ


Эртең - 12-майда Анжиандагы кандуу окуяга бир жыл болот. Өзбек өкмөтү аны куралдуу козголоң деп атаса, калайманды өз көзү менен көргөндөрдүн көбү бул окуяны бийликтердин кыянат-кыргыны дешет. Калайман маалында канча киши набыт болгону да такталган жок. .

Анжиандык укук коргоочу активист Латфулло Шамсидиновдун айтымында, баарына жергиликтүү 23 бизнесмендин февралда башталып,создугуп кеткен соту себеп болгон. Соттун имараты алдында күн сайын беш миңдей киши чогулуп, тополоң-тозу жок, зарыга-сабыла өкүмдү күтүп жатышкан. Өкүм 12-майда угузулмак болгон, бирок кайрадан дагы бир күнгө калтырылган соң топтолгон эл нааразы болуп, бийликтерди айыптап, атүгүл президент Каримовдун кызматтан кетишин талап кылып киришкен.

Жаалы кайнаган эл жабылып барып шаардык акимчиликтин имаратын ээлеп алган.
Ошол күнү Ташкенден шашылыш Анжианга ички иштер министри Закир Алматов учуп келип, нааразы болгондорго баш-көз болуп жаткан Кобил Парпиев аттуу киши менен жолугуп, алардын эч кандай талап-шарты аткарылбай турганын айтып, кайра аларга шарт коет. Атап айтканда, тополоңчулардын Өзбекстандан чыгып кетишин талап кылат жана керек болсо милиция күчтөрү аларды Ошко жеткирип койгонго даяр экенин билдирет. Буга кошумча Анжианга 20 миңдей аскер топтогонун, керек болсо алардын санын 60 миңге жеткирерин эскертет. Ошондон көп өтпөй өкмөт аскерлери калкты күчкө салып таркатканга киришет. Эл алдаалап кача баштаганда, аларга ок жаадырышат.

Президент Ислам Каримов бул ишти 14-майдагы маалымат жыйынында куралдуу козголоң деп атап, күнөөнүн баарын исламчыл күчтөргө,анын ичинде “Хузб-ут Тахрир” партиясына жүктөгөн. Өлкөнүн башкы прокурору Рашид Кодиров козголоңчулар адегенде түрмөгө кол салып, төрт күзөтчүнү өлтүргөн, андан соң шаардагы аскер бөлүктөрдүн бирине басып кирип, аерден көп сандаган курал-жарак, ок-дары, 50дөн ашуун автомат,бир машинаны карактап алышкан деп ырастаган.

Өкмөттүн маалыматтарына ылайык, кагылышта 187 киши өлгөн, алардын баары террорист болгон. Ал эми окуяга күбө болгондордун,ага катышкандардын көбү аскерлердин огунан бери эле дегенде миңден ашуун киши мерт болгонун ырасташат. Жергиликтүү врачтардын бири Гулбахор Тагаева шаардагы бир мектептен эле болжол менен 500 дөй кишинин денесин көргөнүн “Азаттыктын” кабарчысына айтып берген.

Улуттар Уюму, АКШ жана Евросоюз Анжиандагы окуялардын эл аралык көз карандысыз комиссия тарабынан иликтенишин талап кылган. Өзбекстандын бийликтери бул талапты кескин четке кагып, эл аралык коомчулукту эгемен өлкөнүн ички иштерине кийлигишип жатат деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG