Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:06

ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШУУ УЮМУНА МҮЧӨ БОЛУП КИРҮҮГӨ ИРАН ӨТӨ КЫЗЫКДАР


Нарын АЙЫП, Прага 15-май күнү Шанхай шаарында Шанхай кызматташуу уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү. Июнда Шанхай шаарында уюмдун бийик жолугушуусу өтөт жана министрлер ошол жыйында карала турган маселелерди даярдады.

Казак тышкы иштер министри Касымжомарт Токаевдин айтымында, июндагы саммитте он бешке жакын документке кол коюлууга тийиш. Башка маселелердин арасында саммитте кабыл алынган чечимдердин негизгисине уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу болуп калышы мүмкүн. Азыр уюмга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө, андан тышкары Индия, Иран, Монголия жана Пакистан байкоочу макамына ээ. Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Манучер Мохаммади апрелде билдиргенге караганда, июндагы саммит учурунда Иран Шанхай уюмуна мүчө болуп кирүүгө үмүт артууда.

Бирок, эгер Иран уюмга мүчө болсо, Тегерандын өзөктүк программаларынан чыккан маселе татаалдашып кетиши ыктымал. Париж шаарында жайгашкан Эл аралык изилдөөлөр борборунун аналитиги Жан-Филип Бежанын пикиринде, эгер Иран уюмга мүчө болуп кирсе, андай кадам Батыштын Иранга карата азыркы саясатына каршы урулган катуу сокку болуп калышы мүмкүн:

"Батыш аны сөзсүз провокация деп баалайт. АКШ жана Европа мамлекеттери Иранды эл аралык саясаттан обочолонтууга аракеттенип жатат жана Кытай менен Орусиянын - Иранга каршы санкция жарыялоо демилгесине кошулушун каалайт. Бирок Иран Шанхай кызматташуу уюмуна кошулса, анда ал Кытай менен Орусиянын мыйзамдуу шеригине айланат", - дейт Бежа.

Лондон шаарында жайгашкан Араб жана Иран таануу борборунун эксперти Алиреза Нуризаденин пикиринде, Тегеран азыр Кытай менен кызматташууну - Батышка каршы саясатынын орчундуу куралы катары баалайт: "Өзгөчө Иран президенти Махмуд Ахмадинежад жана анын айланасындагы адамдар Кытай жана башка Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери менен кызматташууну Батышка каршы туруштук берүүнүн жалгыздан жалгыз жолу катары баалайт", - дейт Нуризаде.

Бирок июндагы саммитте Иран Шанхай уюмуна мүчө болуп кабыл алынат деп айтыш али эрте. Аны менен Маскөө жана Бээжин Батыш менен болгон өз мамилелерин да бузуп адышы мүмкүн. Аны менен катар, 15-май күнү Шанхайда өткөн тышкы иштер министрлеринин жыйынына байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрүнүн бири да катышкан жок жана уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу маселеси да көтөрүлбөдү. Аны кандайдыр бир терс белги катары бааласа болот.

XS
SM
MD
LG