Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

ПРОБЛЕМА БИР – КӨЙГӨЙЛӨР КӨП


Орусиялык инвестициянын көмөгү менен иштеп жаткан Кыргызстандагы ири ишканалардын текши баарына мүнөздүү проблема – ыксыз текшерүүлөрдүн арбындыгы. Кыргыз өкмөтү азырынча ишкерликке шарт түзүү, ыксыз текшерүүлөрдү азайтуу чакырыгы менен чектелүүдө.

Чарбалык ишке текшерүү органдарынын ыксыз кийлигишүүсүн токтотуу аракети жаңы бийлик келгенден бери эле жасалып келатат. Бирок да андан азырынча дурус дегидей натыйжа чыга элек.

- А проблемалар мындай, Өнөр жай, тышкы соода министрлиги заводдун акционерлеринин акциясын сатып алган «ВАФС» компаниясынын ишине кийлигишүүдө. Аркыл комиссияларды түзүшүп, депутаттык комиссия уюштуруп, анын башында парламент депутаты А.Бурканов турат. Маалымдоо каражаттарында да көп жазылды. Депутаттын Майлуусуудагы электр лампалары заводунда коммерциялык кызыкчылыктары бар болчу. Мунун айынан талаштуу маселелер пайда болууда,- дейт Майлуусуу электр лампалары заводунун акционерлер коомунун жетекчиси Альберт Касьяненко.

Анткен менен Кыргызстан бюджетине чоң киреше алып келген ири заводдун кийинки кездери иши жүрүшпөй, орусиялык «ВАФС» компаниясы инвестициялык келишимде белгиленген милдеттенмелерин толук аткарбай жатканын Кыргызстандын өнөр жай, тышкы соода, туризм министринин орунбасары Туратбек Жунушалиев жашырган жок.

- Инвестициялык келишимде көрсөтүлгөн шарттар 2005-жылы толугу менен аткарылган эмес. Анын эки себеби бар. Биринчиден, экспорт белгиленген чекке жете алган эмес. Экинчиси орнотулуп ишке кирчү жабдуулар кампада сакталып турат.

Т.Жунушалиевдин ырасташынча, орусиялык компаниянын башкаруусуна өткөндөн бери заводдун иши оңолгондун ордуна начарлап баратат. Быйылкы жылдын башында эле заводдун чыгашасы 19 миллион сомго чыкты. Кирешелүү ишкананын алдагыдай абалга туш келиши ушу тапта өкмөттү да ойго салууда.

Орусиядан күйүүчү-майлоочу майларды сатып келген «Мунай мырза», айтылуу «ВАЗ – Лада» автозаводунун жеңил машиналарын Кыргызстанда сатуучу расмий өкүлү «Тяншан» компанияларынын жетекчилери карамай аткезчилиги токтолбой жатканын, чет жерден ташылып келинип жаткан эски автомашиналардан алынчу бажы төлөмдөрүнүн аздыгын, машине базарчыларга бирдей шарт түзүлбөгөнүн маалымдашты.

- Мурда биз ыксыз текшерүүлөрдөн жүдөсөк, азыр негизги көйгөй – аткезчилик, карамай аткезчилиги маселен, Чүй облусунда 40% чыкты,- деп айтты “Мунай мырза” компаниясынын президенти Улан Базаркулов.

Өкмөт башчы Ф.Кулов чет элдик эски машинелер Кыргызстанга толуп кеткени, мындан чыгуунун жолдору чоң талкууга салынып жатканын айтып, биртоп проблемалар мыйзамдык негизде чечилерин белгиледи.

- Мага көптөгөн сунуштар келип түшүүдө. Аркыл пикирлер айтылууда. Анын үстүнө пикир сунуштардын баары чогултулуп, парламенттен өтүшү керек.

Кыргызстанда ишкерлик жасоого дурус дегидей мыйзамдык негиз түзүлгөн. Бирок да адистердин айтуусунда, калктын аз бөлүгү бай, көпчүлүгү кедей, бардар жашаган орто катмардын өкүлдөрү аз болууда.

XS
SM
MD
LG