Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

ПАКИСТАН: КАРЗАЙ КАЛП АЙТАТ


Исламабад ооган президенти Хамид Карзайдын айыптама сөздөрүн четке какты. Коңшу өлкөдөгү коога-козголоңго Пакистандын тиешеси жок, деп айтылат Исламабадда тышкы иштер министрлиги таркаткан билдирүүдө. Карзай Пакистандагы медреселер жихадчыларды даярдап, аларды тымызын Ооганстанга жөнөтүп жатканын айткан эле.

Пакистанга жаман жайылы кармап, катуу сөздөрдү айтканга Хамид Карзайды түштүктөгү эки провинцияда болуп өткөн уруштар мажбур кылды. Талиптер Кандагарда жана Гилменде коалициялык контингентке, жергиликтүү полиция жайларына дүрбөөн салып, жалпы эсепте сексенден ашуун адамдын өмүрүнө забын келтиришти,негизинен өздөрү чоң жоготууга учурады. Карзай козголоңчулардын көбү коңшу өлкөдөн өтүп келгенине бөркүндөй ишенет. “Биздин колубузда тандыргыс так маалыматтар бар – Пакистандагы медреселерде жаштарды Ооганстанга айдактап, барып жихадга кошулгула, мектептерди өрттөп, ооруканалардын күлүн көккө сапыргыла, антпесеңер аерге жалаң каапырлар толуп алышты деп айтышат”,- дейт Карзай.

Пакистан стратегдери, Карзайдын айтымында, ооган жерин жихадчыларды жатыктырып, бүлүк-бүлгүн иштерге маш кыла турган базага айлантып алды. “Бирок терроризм өрт өңдөнгөн балакет, ал силердин өлкөгө да жайылат. Жарылган бомбалар бүгүн бизди бүлүнтүп жатса, эртең ал силерди да бүлүккө түшүрөт”,- деп эскертти ооган президенти коңшу өлкөнүн бийликтерин.

Президент Первез Мушарраф мындан мурдараак Карзайды өткөндү өтө эле тез эсинен чыгарган ”унутчаактыгы” үчүн күнөөлөгөн эле.Мисал иретинде Мушарраф исламчыл лашкерлер тууралуу учурунда Карзай Пакистандын коопсуздук кызматтарына жалган маалыматтар берип турганын эске салды. Исламабадда ооган президентин ошол адатынча калп айтып жатканын кыйытышты. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Тасним Аслам, атап айтканда, Карзайдын ырастоолору чындыкка таптакыр коошпой турганын белгиледи. Анын айтымында, Пакистанда жихдачыларды даярдап,аларды ооган жерине жөнөтүп жаткан эч кандай борборлор жок.

Бирок "Гардиан” гезити түштүк Ооганстанда жайгаштырылган британдык аскер контингентинин өкүлдөрүнө шилтеме жасап, талиптердин иш-аракеттери Пакистандын Кветта шаарындагы борбордо пландаштырылып турарын жазып чыкты. Ал эми Кембриж университетинин Түштүк Азия изилдөөлөр борборунун мүчөсү Фарзана Шэйх “Ал-Каида” менен “Талибанды” Пакистан айрымалап карап калганын, мунун өзү АКШ менен Батыш альянсында бир топ күмөн-күдүктү пайда кылып жатканын белгиледи. Талиптерге жан тартат деген кепти Исламабад өзүнө жуутмак турсун, кайра Ооганстанды Белужстандагы кырдаалды курчутуп жатканы үчүн айыптап жүрөт. Иш жүзүндө кемигинде да, керкисинде мандем бар экени калетсиз.

XS
SM
MD
LG