Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

Бириккен Улуттардын Кыйноолорго каршы комитети АКШны сынга алды


Бириккен Улуттардын Женева шаарында жайгашкан Кыйноолорго каршы комитети кечээ күнү жарыялаган атайын докладында АКШ жетекчилигине кайрылып, туткунга түшкөн адамдарды кыйнабай, аларга мыйзам чегинде мамиле кылууга чакырды. "Гуантанамо базасындагы абак жабылууга тийиш экенине биз ишенебиз. Ал жерде пайдаланылган айрым сурак ыкмалары Кыйноого каршы конвенцияны бузат жана ал тууралуу биз далил келтире алабыз", - деп билдирди докладдын АКШ боюнча бөлүгү үчүн жооптуу Фернандо Марино Менендез.
Андан тышкары, Менендездин айтымында, АКШ тарабынан ачылган кандай болбосун жашыруун абактын баары дагы жабылууга тийиш. АКШ өкмөтүнүн басма сөз катчысы Тони Сноу кечээ күнү докладды сынга алды. Анын айтымында, эч ким кыйналган жок жана туткундарга карата мамиле мыйзам чегинде.

XS
SM
MD
LG