Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

КАДЫРАЛИЕВДИН ЖАКТООЧУЛАРЫ ОШ-БИШКЕК ЖОЛУН БӨГӨП АЛЫШТЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Борбордук шайлоо комиссиясынын Куршаб шайлоо округу боюнча депутат катары Мамат Орозбаевди тааныган чечимине каршы чыгышкан Санжар Кадыралиевдин жактоочулары Ош-Бишкек жолун кайрадан бөгөп алышты. Президенттин мамлекеттик кеңешчиси Үсөн Сыдыков келип маселени сот аркылуу чечүүгө жардам берүүнү убада кылгандан кийин гана Кадыралиевдин жактоочулары жолду ачып беришти.

20-май күнү таң эртеңден баштап Ош-Бишкек жолунун Куршаб участкасы кайрадан бөгөлдү. Тосулган жолдун эки тарабынан келген миңге жакын автоунаа ал жерге топтолуп кетти.

Шайлоодон утулду деп табылган Санжар Кадыралиевдин жактоочулары Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин адилетсиздик катары баалашып, алардын пайдасына чечим өзгөртүлмөйүнчө жолду тосуп тура берише тургандыктарын эскертишти:

- Акчасы көптөр жеңип кете береби, же элден, жаштардан өтөбү? Чындык барбы? Биз чындык үчүн турабыз - дейт Санжар Кадыралиевдин жактоочуларынын бири Кайыркан Аканова.

Бул жерге келген президенттин мамлекеттик кеңешчиси Үсөн Сыдыков болсо жолду ачууну суранып, алардын маселесин аныкталган мөөнөттө сот аркылуу чечип берүүнү убада кылды:

- Менин суранычым жолду ачып бергиле. Ал эми бул ишти сот аркылуу калыс чечип беришин мен камсыз кылып берем. Үч күн, эң кечиксе беш күндүн арасында карашат - деген убадасын берди мамлекеттик кеңешчи Үсөн Сыдыков.

Андан соң Ош-Бишкек жолу тосулган участокко акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу келгенде, ага топтолгон адамдар мамлекеттик саясаттын туура болбой жаткандыгын айтышып, нааразылыгын билдиришти. Акыйкатчы мырза бул шайлоочулардын жаңылыштыгы экенин айтып, өлкөдөгү башаламандыктар үчүн жаңы мамлекет жетекчилигин айыптап өттү:

- Бул маселе гана эмес, качан турмуш оңолот. Мен атайын турмуш оңдойун деп президенттикке койдум эле. Шайлап алган өзүңөр, Бакиевден башка эч ким кереги жок деп.

Нааразы тараптар менен бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана Ош-Бишкек жолунун Куршаб участкасы кайрадан ачылды. Бирок Санжар Кадыралиевдин шайлоо штабынын башчысы Каныбек Кимсанов болсо алар борбордук шайлоо комиссиясынын чечими өзгөртүлмөйүнчө таркабай тургандыктарын жана жол кайрадан жабылышы мүмкүн экендигин эскертти.

XS
SM
MD
LG