Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:23

Түштүк кореялыктар Бишкекте завод курат


24-майда Бишкек экономикалык аймагында жаңы заводду куруу иштери башталды. Анын ачылыш аземине президент Курманбек Бакиев катышты. Түштүк кореялык ишкерлер кура баштаган заводко 12 миллион доллар инвестиция жумшалып, ал жылына 200 миң даана заманбап эсептегичтерди чыгарат. Бул тууралуу Бишкек эркин экономикалык аймагынын башкы директорунун орун басары Насипбек Жаманкызов билдирди. Заводдо чыгарыла турган электр, газ, суу электрондук эсептегичтеринин 70% экспортко чыгарылат. Завод 300 кыргызстандыкты жумуш менен камсыз кылмакчы.

Айданбек Акмат уулу

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG