Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

ДЕҢИЗ АЛЫС, ТЕМИР ЖОЛ КЫСКА


Деңиз жолунан ыраак турган өлкөлөрдүн экономикалык алака-катышын жакшыртуу, жүк ташуу түйшүгүн жеңилдетүү маселелери Улуттар уюмунун Экономикалык жана социалдык комиссиясынын Бишкекте өткөн жыйынында талкууланды.

Дүйнөлүк соода уюмуна кирген өлкөлөр аркылуу жүк ташып өтүү, кургак жол, жакынкы деңиз каттамына чыгуу маселелери эларалык соода, бажы мекемелеринде, экономикалык комиссиялардын отурумдарында такай талкууланып келет. Бирок да жогорку деңгээлдеги макулдашуу, келишимдердин аткарылышы айрым улуттук мыйзам, эреже-шарттардын натыйжасында ыксыз татаалдашып, бюрократиялык тоскоолдордун төөбастысында калып келатканы деле жашыруун эмес. Анын кээрин деңиз жолунан кыйла окчун калган Кыргызстан өзү деле жонтериси менен сезип келатат.

-Азыр 49 өлкө Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү. Ошол мамлекеттердин чек аралары, базарлары биздин ишкерлер үчүн ачык. Анткени бизге атайын тариф, атайын салыктар болбойт. Бул мамлекеттерде кандай салык болсо бизге ошол гана колдонулат. А бирок, биздин ишкерлердин бизнеси абдан начар болуп жатат. Алар бөлөк мамлекеттердин базарларына чыкпай жатат, - деп билдирди Кыргызстандын өнөр жай, тышкы соода, туризм министрлигинин Тышкы соода байланыштар, инвестиция, ДСУ менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Анар Рахманова.

Улуттар уюмунун Экономикалык жана социалдык комиссиясынын соода жана транспорт бөлүмүнүн адиси Мария Мишовичеванын ырасташынча, Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү жөрөлгөсү кыйлага созулчу жумуш. Аны менен мүчө өлкөлөр биртоп милдеттенмелерди да өзүнө алат. Алардын ичинен аймагы аркылуу башка өлкөгө жүк ташып өтүүнү жөнөкөйлөштүрүү, соода алака-катышка шарт түзүп берүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Чегарадан ташылып өтүлчү жүктү текшерүү, көрсөтүлгөн кызмат акынын кымбаттыгы барып-келип сатылчу товардын баасын көкөлөткөндөн башкага жарабайт. Эларалык уюмдардын эсеби боюнча соода-сатыктын ыкчам өнүгүшүнө жолтоо кылчу мындай тоскоолдуктар буюм наркынын 15% чейинки акчаны түзөт, ал баш-аягы 325 миллиард долларга чыгат. Мынчалык акча ишкердикке чоң салакасын тийгизет.

Улуттар уюмунун Экономикалык жана социалдык комиссиясынын жүк ташып өтүүнү жөнөкөйлөштүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Гита Карандаваланын айтымында, деңиз жолунан оолак турган Кыргызстан үчүн бул проблеманын чечилиши чоң мааниге ээ.

-Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү. Ал өзү чыгарган товарларын сыртка чыгарып сатууга кызыкдар, тышкы соодага катышууга ынтызар. Ошондон бажы тосмосунун жөнөкөй болушуна, жүк ташып баркаткан унаасынын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылууну каалайт. Соода уюмга мүчө болушунан ал пайда көрүүсү керек,-Гита Карандавала.

Бирок да орто жолдон пайда көрүүгө азырынча Кыргызстандын чама-чаркы жетише элек. Азия өнүгүү банкынын адиси Чолпон Мамбетова Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган эларалык темир жолдун курулушуна Кытай өлкөсү өзгөчө үмүт артат, деген пикирде.

-Мына жакындан бери бул маселеге кызыгуу күчөй баштады. Буга Кытай өкмөтү өзгөчө көңүл бура баштады. Алар бул долбоор бизге караганда өздөрүнө керектүү экенин биле башташты. Себеп дегенде, бул байланыштырчу чынжыр. Кытайлыктар өздөрүнүн техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгышты. Кыязы, темир жол курулушуна каржы бөлүү маселесин да ойлонушуп жатышкан шекилдүү,- дейт Чолпон Мамбетова.

Ч.Мамбетова кыргыз өкмөтү жаңы темир жолдун кеңири техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу өтүнүчү менен Азия өнүгүү банкына кайрылганын маалымдады.

Дүйнөлүк жана чөлкөмдүк соода, алака-катышта азырынча Кыргызстан көбүнесе чийки затты сыртка чыгарып, сырттан күргүштөтүп товар ташып келүү менен алектенүүдө.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG