Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

ГИОРГАДЗЕ ГРУЗИЯДА «ЧАЛКАН ЫҢКЫЛАБЫН» ЧЫГАРУУГА УБАДА БЕРДИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Грузиянын оппозициялык «Адилет» партиясынын лидери Игорь Гиоргадзе шаршембиде Москвада өткөрүлгөн маалымдоо жыйынында Грузияда «чалкан ыңкылабын» өткөрөм деп убада берген. Ал грузиялык азыркы бийликтен парламенттик жана президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү талап кылган. «Болбосо биз «роза ыңкылабын» кайра кайталайбыз», деген. Грузиялык оппозициячыл лидер Гиоргадзе 1995-жылдан бери качкында жашайт. Интерпол тармагы боюнча эл аралык иликтөөгө алынып, дайыны чыкпай келаткан. Анын капилеттен журналисттер алдында саясий билдирүү жаcашында орусиялык кызыкчылык бар дешет.

Грузиянын мурдагы мамлекеттик коопсуздук министри, азыр бозгунда жүргөн Игорь Гиоргадзе жолугушуу үстүндө Маскөөдөн саясий баш паана сурабай тургандыгын билдирген. Ал өзү уюштурган партиясы «Адилеттин» лидери катары сүйлөгөн. Михаил Саакашвилиге ошол жерден кайрылып: «эгерде биз койгон талаптар аткарылбаса анда «чалкан ыңкылабын» чыгарабыз деген.

Кызык жери, жыйыны өтөр алдында Орусиянын башкы прокурорунун орун басары Владимир Колесников: «Гиоргадзеге саясий башпаана берүүгө даярбыз» деген.

Анализчилер арасында кепте болсо Гиоргадзени «кесиби боюнча чекист, кезегинде советтик КГБ түзүлүшүндө иштеген, президент Путиндин кесиптеши. Ал уруксат бердирип 1996 жылдан бери Интерполго кармап бердирүү болбой келе жатат», дешет. Баса, Гиоргадзе 24 майда журналисттер алдында сүйлөгөн күнү да Грузиянын Тышкы иштер министрилиги кезектеги нааразылык катты Орусиянын ал өлкөдөгү элчиси Владимир Чхиквишвилиге тапшырган.

Биздин кабарчыга айткан пикиринде Евразиялык кыймылдын лидери Александр Дугин мындай жагдай эки өлкө ортосунда жарыяланбаган согуштун ачылышынан улам болуп атат дейт:
«КМШны уратып, ГУАМды чыңдоо багытында Саакашвили кутургандай катуу аракет жаcоодо. Ал Орусиянын моралдык - саясий, стратегиялык, психологиялык беделин улам улам түшүрүп аткандыктан Маскөө эми Грузияга каршы өтө катуу таасир этчү аракеттерди жазайт. Ошонун бири Игорь Гиоргадзе сыяктуу чечкиндүү аракетти жактоочу оппозицячыл саясатчыларды колдоо болуп атат»,- дейт Дугин мырза.

Орусия жеринда жашап атып Грузияда оппозиция түзүп, анын колу менен ыңкылап жасоо мүмкүн экендигин саясий анализчи Борис Туманов да айтат. Андай ишкердик, бирок Маскөөнүн колдоосу астында гана турмушка аша ала тургандыгын белгилейт:
«Андай технология мурда, биз Звиада Гамсахурдиянын ордуна Эдуард Шеварднадзени олтургузганда пайдаланылган болуучу»,- дейт саясатчы.

XS
SM
MD
LG