Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

МИТИНГЧИЛЕРДИН ОН ТАЛАБЫ СЕНТЯБРДА АТКАРЫЛБАСА...


Аманбек Жапаров,Бишкек Бүгүн Бишкектин борбордук Алатоо аянтында “Реформа үчүн” кыймылы өткөргөн тынч митингке бир катар саясий партиялардын, жарандык коомдордун өкүлдөрү жалпы жонунан он миңдин тегерегиндеги адам катышты. Митингде сөз алып сүйлөгөндөр жаңы бийликтин Конституциялык реформаны создуктуруп жатканын, кадр саясатындагы калпыздыктарды, экономикалык реформанын ишке ашпай жатканын айтышып сындашты. Жыйын соңунда бийликке он талаптан турган чечим кабыл алынды. Эгерде ал талаптар аткарылбаса сентябрь айында Бакиев-Кулов тандемине ишеним көрсөтүлбөй, бийликтин отставкасы талап кылынары айтылды.

Алатоо аянтындагы тынч митингдин алгы сөзүн баштаган парламент депутаты Дооронбек Садырбаев президент Курманбек Бакиевдин айланасындагылар элди түндүк-түштүккө бөлүүгө аракет жасап жатканын айтуу менен бирге караламан калкты биримдикке, ынтымакка чакырды. Ал өз сөзүндө бийлик эл менен бирге болууну каалабаса, экс-президент Аскар Акаевдин тагдырын бөлүшүп, элден оолак кетүүгө үндөдү. Садырбаев азыркы бийлик элдин, эркиндиктин, боордоштуктун бийлиги болуш керек, деген көз карашын билдирди.

Бул биримдиктин, боордоштуктун бийлиги! Жашасын Кыргызстандын элдери!

Садырбаевдин азыркы бийлик элди бөлүп жарууга жол берүүдө, деген оюн «Реформа үчүн» кыймылдын тең төрагасы Алмаз Атамбаев да колдоду.

- Акаевдин учурунда да элди түндүк-түштүккө бөлүүгө жол берилген эмес. Азыркы бийликтин «камчысын чапкан» маалымат каражаттары ачыктан ачык элди жикке бөлүүгө аракеттенишүүдө, деди Алмаз Атамбаев.

«Ар намыс» саясий партиясынын түштүк аймагы боюнча координатору Бөдөш Мамырова жаңы бийлик өң тааныштыкка, жердешчиликке, тууганчылыкка жол берип жатканын айтып сынга алды. Анын маалыматына караганда, Баткен облусунун губернатору Султан Айжигитов, Билим, илим жана жаштар сасяаты боюнча министри Досбол Нур уулу жакындарын мамлекеттик кызматтарга дайындаган. Ал эми экс-депутат Бегиш Ааматов президент Курманбек Бакиев убада кылган Конституциялык реформаны кечеңдетип жатканын мындайча сыпаттады:

Президент бир жылдан бери ар нерсенин башын айтып Конституциялык реформаны кечеңдетип келатат. Себеби дегенде, баягы эле коркунучтуу коррупция. Ал Акаев түзгөн системаны сактап калып, Акаевдей эле коррупционер болууну каалап отурат,

Ал ошондой эле президенттик башкаруу үй-бүлөлүк коррупцияга алып барарын, Кыргызстанга парламенттик-президенттик башкаруу ылайыктуу экендигин белгиледи.

Экс-спикер Өмүрбек Текебаев азыркы бийликтен өлкөдө мыйзамдуулуктун, адилеттүлүктүн сакталышын, коррупциянын тамырын кыркууга чечкиндүү чара көрүүсүн, тууганчылык, жердешчиликке жол бербөө талабы менен чыгышканын билдирди.

Биз бул жерге өзүбүз үчүн келгенибиз жок. Биз өлкө үчүн келип атабыз. Бийликтин ээси бул-эл. Бийликти эл кандайча алып берсе, ошондой жол менен бийликти алып коюууга укугу бар,
деди Өмүрбек Текебаев.

Митингде сөз сүйлөгөн айрым саясатчылар эл арасында бөлүп-жарууга Үсөн Сыдыков, Топчубек Тургуналиев себепкер болууда, дешип алардын учурдагы үгүт иштерине нааразылыктарын билдиришти.

Тынч митинг өткөрүп жаткандарга бийлик тарабынан президенттин адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун чыгып, митингде айтылган айрым пикирлер жүйөлүү экендигин, кемчиликтерди оңдоого азыркы бийлик тарабынан бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

Сиздер коюп жаткан талаптар негизинен туура. Бирок бир нерсени эсиңиздерден чыгарбасаңыздар экен. Азыркы бийлик такыр эле элдин талабын укпай калды, деген пикирлерге мен кошулбайм. Карапайым калктын социалдык абалын жакшыртуу үчүн бир катар иш чаралар жүргүзүлүүдө. Конституциялык жана экономикалык реформага ушу тапта аракетер көрүлүүдө. Арийне бардыгы ойдогудай эмес. Убакыт керек. “Көч жүрө, жүрө түзөлөт” дегендей бийлик анча-мынча кетирген каталарын оңдоого аракет кылып атпайбы.

«Реформа үчүн» кыймылынын штабы митингке чыккан адамдардын макулдугу менен он талаптан турган чечим кабыл алды. Анда Конституциялык жана экономикалык реформаны тездетүү, Аксы окуясында бейкүнөө адамдарды атууга урусаат бергендерди жазалоо, кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүп, укуктук-сот системасын реформалоо, 24-мартта талоончулардан жабыркаган ишкерлерге компенцация берүү жана башка маселелер талап кылынган. Эгерде жогорудагы талаптар үч айда аткарылбаса сентябрь айында Бакиев-Кулов тандемине ишеним көрсөтпөй, бийликти отставкага кетирүү талабы менен чыгабыз дейт, парламент депутаты Мелис Эшимканов

Эгерде бийлик ак сарай оюндарынан кутулбай, коррупциянын ак жакачан желдеттери болуп отура берсе сентябрь айында митингде коюлган талаптын бирөөсү эле аткарылбаса Бакиевдин да ,Куловдун да отставкасын талап кылабыз.

Мелис Эшимканов белгилегендей, «Реформа үчүн» кыймылы өткөргөн митиг тынч, уюшкандыкта өттү. Ага отуз миңге чукул адам катышты. Ал эми айрым байкоочулар бул митингке он миңден ашуун адам катышканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG