Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Америкалык авиабазага байланышкан сүйлөшүүнүн биринчи баскычы аяктады


БИШКЕК. Антитеррордук коалициянын аба-аскер күчтөрүн Кыргызстанга жайгаштыруу боюнча жаңы келишим долбооруна байланышкан сүйлөшүүнүн биринчи этабы кечээ соңуна чыкты, бирок, аталган маселе боюнча кандайдыр бир жыйынтык айтуу али эртелик кылат. Бул тууралуу «Азаттыкка» тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов билдирди. Министрдин айтымында, талкуунун негизин экологияга, салыкка, коопсуздукка, ижарага байланышкан маселелер түзүүдө. Роберт Лофтес баштаган америкалык делегация Вашингтон менен акылдашкандан кийин сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабы уланат. Анын мөөнөтү кошумча такталат. Америкалык делегация бүгүн мекенине кайтмакчы.

XS
SM
MD
LG