Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

ИРАКТАГЫ АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕРГЕ КАРШЫ ТЕРГӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Жакында Ооганстандын борбору Кабул шаарында америкалык аскерлерге каршы митинг-демонстрациялар болуп өттү. Аны менен катар америкалык аскерлердин Ирактагы айрым аракеттери боюнча дагы тергөө жүрүп жатат.

АКШ аскерлерине каршы америкалык жетекчилик азыр эки тергөө жүргүзүп жатат. Биринчиси - былтыр 19-ноябрда, экинчиси - Багдад шаарынын алдында быйыл 26-апрелде болгон окуялар менен байланыштуу.

19-ноябрда Ирактын Хадита деген шаарында америкалык аскерлер бараткан машиненин алдында бомба жарылган, аскерлер кийин өздөрү билдиргенге караганда, андан бир аскер жана жолдун боюндагы үйдө жашаган 24 адам курман болгон. Бирок америкалык "Тайм" журналынын кабарчылары таап, март айында тараткан маалыматка караганда, бомба жарылгандан достору курман болгонуна жини келген аскерлер ал үйгө кирип барып, анда жашагандарды өздөрү атып өлтүргөн. Өлгөндөрдүн арасында аялдар жана кичине балдар да болгон жана алардын көпчүлүгү башка же көкүрөккө атып өлтүрүлгөн.

Экинчи окуя учурунда дагы үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Багдад шаарынын алдында америкалык аскерлер бир карапайым адамды атып өлтүргөн деп шектелүүдө.

Президент Жорж Буштун айтымында, аскерлер күнөөлүү деп табылса, сөзсүз катуу жазаланат: "Пайда болгон жаңылык-кабарлар мени абдан тынчсыздандырууда. Өтө тыкан иликтөө жүрүп жатканын мен билем жана эгер мыйзам бузулган болсо, күнөөлүлөр жазаланат", - деди Буш 31-май күнү.

Конгрессмендер Дэнкин Хантер жана Жон Мөртанын айтымында, америкалык жетекчилик жүргүзгөн иликтөө көрсөткөндөй, аскерлер ал карапайым адамдарды атайылап жана токтоолук менен өлтүргөн. Бирок Мөртанын пикиринде, тергөөнүн расми жыйынтыгында - Ирактагы согуш учурунда америкалык аскерлер эбегейсиз психологиялык басымга дуушар болгондуктан, ошондой кылмышка байкоосуздан барган деген корутунду чыгарыла тургандай.

Багдад шаарынын алдындагы "Абу-Грейб" абагындагы чатак боюнча тергөө жүргүзүлгөндө дагы катардагы аскерлер гана жазаланып, жетекчилер эч кандай буйрук берген эмес деп чечилгенин дагы азыр айрым америкалык эксперттер өзгөчө белгилеп жатат.

АКШдагы сыналгы-үналгы жана гезит-журналдарда бул окуялар азыр кеңири талкууланып жатат жана андай талкуулардын бирине катышкан Рожер деген бир ардагер-аскердин айтымында, Ирактагы согушка жөнөтүлгөн аскерлер өтө жогору даярдыктан өткөндөр жана алар карапайым адамдарды жөн туруп эле өлтүрбөйт, аларга башчылык тарабынан буйрук берилген да болушу мүмкүн. Окуя болгондон кийин америкалык аскерий жетекчилик аны жашырып-жаап салууга аракеттенген деген күнөө боюнча дагы азыр өзүнчө тергөө жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG