Эки президент Толуу Карабак маселесин быйыл 10-11-февралда Парижден алыс эмес жердеги Рамбуле деген жерде талкуулашкан эле. Бирок анда эки тарап тең "сүйлөшүүдө жылыш пайда болду" дешкени менен маселени жөнгө салуунун болжолдуу мөөнөтүн иштеп чыга алышпастан, тарап кетишкен. Жекшемби күнкү сүйлөшүүлөр деле конкреттүү жыйынтыкка алып келген жок, бирок маселени жөнгө салуу үчүн 1992-жылы тзүлгөн Минск тобу сүйлөшүүлөр "жагымдуу жагдайда" өткөнүн белгиледи:
"Сүйлөшүүдө жагымдуу жагдай өкүм сүрүп, талкуулар учурунда маселенин майда-баратынан бери сүйлөшүлдү"-, деди Минск тобунун тең төрагаларынын бири Стивен Манн.
Азербайжандын негизинен этникалык армяндар отурукташкан Тоолуу Карабак чөлкөмү 1988-жылы, алты жылга созулган согуштун натыйжасында бөлүнүп кеткен. 1988-жылы тараптар ок атышууну токтотуу келишимине кол койушкан, бирок бул регионду талашып жатышкан Азербайжан менен Армения дагы эле согуш абалында кала берүүдө. Армения басып алган аймактардан качкан жүз миңдеген азери качкындар Азербайжандын ар кайсы аймактарында алачык-кепелерде, тууган-туушкандарыныкында баш пааналоодо. Маселени чечүү үчүн түзүлгөн Минск тобунун андан берки аракеттеринен натыйжа чыккан жок.
Минск тобунун тең төрагаларынын бири Юрий Мерзляков Армениянын президенти Роберт Кочарян менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин жолугушуусу өткүп жатканынын өзүнө жогоруу баа берип буларды белгилдеди:
"Эки тарапка тең маселенин чечилишин сырттан таңуулоо мүмкүн эмес. Проблеманы эки тарап гана ортомчулардын жардамы менен өзү чече алат. Талаштын чечүүнүн жоопкерчилиги эки жакка гана жүктөлөт. Россиянын позициясы мына ушундай" ,-деди Мерзляков.
АКШ, Россия жана Франция мүчө болгон Минск тобу талашты жөнгө салуунун конкретүү графигин жыл соңуна чейин иштеп чыгуусун талап кылып, Бакы менен Ереванды кысмакка алып жатышат. Дипломаттар менен байкоочулар быйылкы жылы эки өлкөнүн биринде да улуттук шайлоонун жоктугу маселенин жөнгө салынуусуна оң өбөлгө түзүп жатканын белгилешүүдө.