Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

СПИД проблемасы Чоңсарыойдогу регионалдык семинарда талкууланууда


БИШКЕК. Бүгүн Ысыккөлдүн Чоңсарыой айылында калкты СПИД илдетинин ВИЧ инфекциясынан алдын алуу боюнча жарандык коомдун өкүлдөрү жаңы долбоорлорду иштөөгө киришти. Алты күнгө созула турган бул аймактык семинарга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринин он тогуз облусунан өкүлдөр, Өзбекстандан үч байкоочу катышууда. Семинар Борбор Азияда иштеп жаткан «Потенциал» долбоорунун алкагында өтүүдө. Долбоорду ЮСАИД каржылап келатат жана ал беш жылдык мөөнөттү камтыйт.

XS
SM
MD
LG