Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Куршаб округундагы мандат талаш уланууда


БИШКЕК. №39 Куршаб шайлоо округунун мурдагы талапкери Санжар Кадыралиевдин жактоочулары анын атаандашы Мамат Орозбаевге депутаттык мандат бергени үчүн Борборшайлоокомду сынга алды. Алардын айтымында, шайлоо учурунда төрт участокто одоно мыйзам бузуу катталган, Орозбаевге каршы менчиктештирүүгө байланышкан кылмыш иши да бар. Ушундай жагдайларды билип туруп БШК мандат берди деп санаган Кадыралиевдин жактоочулары чечимди жокко чыгарууну талап кылышууда. Ушул эле күнү президенттин басма сөз кызматы Мамат Орозбаев президент Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болуп, шайлоо жараянындагы тоскоолдуктар тууралуу пикир алмашканын кабарлады. Президент бул маселени укуктук негизде чечүүнү сунуштады, деп билдирди президенттин маалымат кызматы.

XS
SM
MD
LG