Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

ПРЕЗИДЕНТ САЯСАТЧЫЛАРДЫ БИРИМДҮҮЛҮККӨ ЧАКЫРДЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, сот бийлиги, өкмөт курамы менен өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин жолугушуусунда өлкөдөгү кырдаал, саясий-экономикалык, Конституциялык реформа, кадр саясаты жана башка бир катар маселелер козголду. Айрым депутаттар жолугушуу өз максатына жеткен жок, деген ойдо.

Өкмөт үйүндөгү жыйындын бийлик бутактарынын жолугушуусунун эс алуудан кийинки бөлүгүндө бир катар депутаттар президентке сот системасын реформалоону, экономиканы көтөрүү, эл арасындагы ынтымакка доо кетирбөө, коррупцияга жол бербөө жана башка бир катар көйгөйлүү маселелерди койду.

Адам укуктары боюнча президенттин алдындагы комиссиянын башчысы Турсунбек Акун оппзициялык маанайдагы мурдагы “санаалаш” саясатчылардын азыркы бийликке карата айтылган сындарына толук кошулбастыгын билдирип, президентти кошоматчылардан алыс болууга үндөдү.

Экономикалык маселелер боюнча премьер-министр Феликс Кулов жооп берип, айрым депутаттардын өкмөткө карата айткан кинелеринде негиз жок экендигин, эконмиканы көтөрүүдө бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. Жолугушууда сүйлөгөн жыйырмадан ашык депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, президент Курманбек Бакиев өлкөдөгү азыркы саясий-экономикалык кырдаалга, Конституциялык рефрмага, өкмөттүн ишине, сот системасын реформалоого, энергетика тармагына, кадр маселесине, массалык маалымат каражаттырынын эркиндигине жана башка маселелер боюнча жасалып жаткан иш аракеттерге токтолду. Анын айтымында, айрым саясатчылар конституция реформасын жана башка социалдык масеелелерди “бетке кармап” өлкөдөгү кырдаалды курчутууну максат кылышууда.

Ал ошондой эле митинг уюштуруп, элди көтөргөн депутаттар үчүн парламентти таркатуунун кажети жок экенин белгиледи.

"Парламентте эл үчүн күйгөн, элдин таламын талашкан депутаттар бар. Эмне үчүн мен парламентти таркатышым керек,"-деп баса белгиледи Президент.

Курманбек Бакиев саясатчыларды, депутаттарды түндүк-түштүк маселесин курчутуп элди бөлбөөгө, тил маселесине шылтап улут аралык касташууга жол бербөөгө чакырды. Ал жыйынга келгендерди мыйзамдуулукту сактап, ынтымакташып, өлкөнүн биримдиги үчүн кызмат кылууга үндөдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков президент менен жолугушууда конкреттүү маселелер коюлуп, проблемаларды чечүү жолдору каралса жөндүү болмок эле деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG