Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

АКШ МЕНЕН БИРИККЕН УЛУТТАР ОРТОСУНДАГЫ ЧАТАК


Нарын АЙЫП, Прага Өткөн аптада Бириккен Улуттар Уюму менен АКШ ортосунда жаңы чатак чыкты. Бириккен Улуттардын жогорку жетекчилеринин бири АКШны катуу сынга алды, Вашингтондун өкүлү болсо, эми уюм өзү жок болушу мүмкүн деп билдирди.

6-июнда Бириккен Улуттардын баш катчысынын биринчи орун басары Марк Мэллок-Браун Нью-Йорк шаарында өткөн жыйында АКШны катуу сынга алды. Анын айтымында, эл аралык сахнада уюмду Америка өз кызыкчылыгында пайдаланат, бирок АКШ элинин өзүнүн арасында тескерисинче, Бириккен Улуттарга каршы пропагандага жол берет. Андан тышкары, Мэллок-Браундун айтымында, пайда болгон маселелер боюнча АКШ мунаса издегендин ордуна, максималисттик турумга туруп алып, өз айтканынан кайтпайт.

Бирок, маселе мурда эле башталган жана 2003-жылы Ирак согушу чыгаар алдында курчуган. Анда Иракка каршы сокку урууну Бириккен Улуттар жактыруудан баш тартканда, АКШ өз алдынча коалиция түзүүгө аргасыз болгон. Кийин мамилелер кайрадан оңоло баштаган, бирок АКШ такай - уюмду реформалаш керек деп айтып келген жана Американын Бириккен Улуттардагы өкүлү болуп былтыр март айында Жон Болтон дайындалгандан кийин кайрадан курчуду. Жылдын аягында Уюмдун бюджети талкууланганда, ал адаттагыдай бир жылга эмес, алты айга гана бекитилди, ал бюджеттин 25 пайызына жакыны болсо АКШдан түшөт.

Сын 6-июнда айтылгандын эртеси элчи Жон Болтон уюмдун баш катчысы Кофи Аннанга кайрылып, анын орун басары өз сөзү менен АКШнын жетекчилигин гана сындабастан, бүткүл Америка элине көлөкө түшүрдү, ошондуктан баш катчы ал сынды жокко чыгарыш керек деп билдирди. Бирок Кофи Аннан Мэллок-Браунду колдоп чыкты. Ошол эле 7-июнда Аннанга мамлекеттик катчы Кондолиза Райс дагы телефон чалып, нааразылык билдирген. Мэллок-Браун өзү болсо 7-июнда журналисттер менен жолугуп, анын кечээ күнү айтылган сөзү жөн гана эмоция эмес экенин билдирди:

"Менин сөзүм өтө кылдаттык менен даярдалган. Мен ар бир сөздү тандап жазгам. Өзүңөр билесиңер, мен көбүнчө кагазы жок, түз сүйлөйм, бирок маселе өтө олуттуу болгондуктан жана биз кризиске учуругандыктан, мен абдан кылдат даярдангам", - деди Мэллок-Браун.

Эми АКШ уюмга акча бөлүп салууну токтотуп салбайбы деген да суроолор чыкты жана ал тууралуу Кофи Аннан жана АКШ мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Шон Маккормак сүйлөп, маселе анчалык тикелей тирешүүгө барбай турганын билдиришти. Айрым эксперттердин пикиринде, Бириккен Улуттар чындап эле азыр кризисте, бирок уюмга 190 мамлекет мүчө болгондуктан жана уюмдун өзүндөгү бюрократиядан улам реформа өткөрүү өтө татаал.

Башкалардын айтымында, Аннандын дагы, Мэллок-Браундун дагы кызмат мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын декабрында аяктайт, ошондуктан алар айта турган сөзүн айтып алууну көздөгөн сыяктуу. Жон Болтондун айтымында болсо, эми уюм өзү жок болушу мүмкүн. Анткен менен 6-июнда Мэллок-Браун сын менен чыкканда, аны АКШ конгрессинин сенатору Кристофер Додд, конгрессмен Жим Лич жана башка америкалык саясатчылар колдоого алган.

XS
SM
MD
LG